Помещиктер менен капиталисттердин эзүүсүнөн кандайча кылып эмгекчилерди түбөлүккө куткарууга болот Эмгекчилердин душмандары — помещиктер менен капиталисттер — мындай дешет: жумушчулар менен дыйкандар бизсиз жашай албайт. Бизсиз эч ким тартипти орното албайт, жумушту бөлүштүрө албайт, эмгек кылууга мажбур кыла албайт. Бизсиз бардыгы урап жок болот, мамлекет да кулайт. Бизди кубалап жиберишти, бирок бүлгүнчүлүк бизди кайрадан бийликтин башына алып келет дешет. Помещиктер менен капиталисттердин мындай сөздөрү жумушчулар менен дыйкандарды ыңгайсыздандыра албайт, коркута албайт, алдай да албайт. Армияда барып турган катуу тартинтин болушу зарыл. Ошондой болсо да, аң-сезимдүү жумушчулар дыйкандарды бириктире билди, эски падыша офицерлерин өзүнө кызматка ала билди, жеңиштүү армияны түзө...
Карл Маркстин илиминин тарыхый тагдыры Маркстин илиминдеги эң башкы нерсе, бул — социалисттик коомду түзүүчү катарында пролетариаттын бүткүл дүйнөлүк-тарыхый ролун ачуу болуп саналат. Бул илимди Маркс баяндагандан кийин бүткүл дүйнөдөгү окуялардын жүрүшү ал илимди ырастадыбы, жокпу?
Мамлекет жөнүндө Жолдоштор, сиздерге кабыл алынып, мага билдирилген план боюнча, биздин бүгүнкү аңгемебиздин темасы — мамлекет жөнүндөгу маселе болуп саналат. Мен сиздердин бул маселе менен канчалык тааныш экениңиздерди билбеймин. Эгерде мен жаңылбасам, сиздердин курсуңуздар жаңы эле ачылып, сиздерге бул маселеге системалуу түрдө биринчи жолу киришүүгө туура келип отурат. Эгерде бул ушундай болсо, менин бул кыйын маселе жөнүндөгү биринчи лекцияны жетишерлик түрдө ачык баяндай албай калышым жана угуучулардын көпчүлүгү аны жетишерлик түрдө ачык түшүнө албай калышы өтө мүмкүн. Ал эми бул мына ушундай болуп чыкса, анда менин сиздерден сурарым, буга көңүлсүздөнбөңүздөр, себеби мамлекет жөнүндөгү маселе — эң...
Совет бийлиги деген эмне? Совет бийлиги деген эмне? Көпчүлүк өлкөлөрдө али да түшүнгүсү келбей же түшүнө албай жүргөн бул жаңы бийликтин мааниси эмнеде? Ар бир өлкөнүн жумушчуларынын көңүлүн улам барган сайын өзүнө көбүрөөк тартып жаткан бул жаңы бийликтин мааниси мына мында: эгерде мурда мамлекетти ар кандай жолдор менен байлар же капиталисттер башкарып келген болсо, азыр мамлекетти дал капитализм тарабынан эзилип келген таптар биринчи ирет башкарып отурат, башкарганда да массалык түрдө башкарып отурат. Ал түгүл эң эле демократиялуу, эң эле эркин республикада да, капиталдын үстөмдүгү азырынча сакталып турган кезде, жер азырынча жеке менчикте калып турган кезде мамлекетти ар дайым болор-болбос азчылык башкарып...
«Карл Маркс (марксизмди баяндоо мененжазылган кыскача биографилык очерк)» [деген макаладан] Маркс Карл 1819-жылы жаңы стиль боюнча 5-майда Трир шаарында (Рейн боюндагы Пруссияда) туулган. Анын атасы адвокат, еврей болгон, 1824-жылы протестант динин кабыл алган. Анын үй-бүлөсү оокаттуу, маданияттуу болгон, бирок революциячыл эмес эле. Маркс Трирдеги гимназияны бүтүрүп, адегенде Бонндогу, андан кийин Берлиндеги университетке кирет да, юристтик илимдерди, бирок баарынан көбүрөөк тарых менен философияны үйрөнөт. Эпикурдун философиясы жөнүндө университеттик диссертацияны тапшырып, 1841-жылы курсту бүтүрөт. Маркс өзүнүн көз карашы жагынан ал кезде гегелчил-идеалист болучу. Берлинде ал Гегелдин философиясынан атеисттик жана революциячыл корутундуларды жасоого умтулган «солчул...
Марксизмдин үч булагы жана составдык үч бөлүгү Маркстин илими бүткүл цивилизациялуу дүйнөдө өзүнө каршы бүткүл буржуазиялык (казналык да, либералдык да) илимдин өтө зор душмандыгын жана көрө албастыгын туудуруп жатат, бул буржуазиялык илим марксизмди «зыяндуу сектага» окшогон нерсе деп эсептейт. Андан башкача мамилени күтүүге да болбойт, анткени тап күрөшүнүн негизинде курулган коомдо «эч кимге жан тартпаган» социалдык илимдин болушу мүмкүн эмес. Кандай гана болбосун, бирок бүткүл казналык жана либералдык илим жалданма кулчулукту жактайт, ал эми марксизм болсо бул кулчулукка ырайымсыз согуш жарыялады. Жалданма кулчулуктун коомунда эч кимге жан тартпаган илимди күтүү — капиталдын пайдасын азайтып, жумушчуларга акыны көбөйтүү керек...